Өкмөт башчы Улукбек Марипов Кой-Таштагы аскер бөлүгүнө барды

Премьер-министр Улукбек Марипов Кой-Таш айылындагы Коргоо министрлигинин №73809 аскер бөлүгүнө барды. Ал Ата Мекенди коргоочулардын күнүн белгилөөгө арналган салтанаттуу иш чарага катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Марипов аскер бөлүгүнүн аскердик техникалары, куралдары жана аскер кызматкерлеринин тамактануусун уюштуруу менен таанышкан.

Буга чейин, 16-февралда премьер-министр аскер кызматкерлеринин азык-түлүк рационунун чендерин жогорулатуу жөнүндө чечимге кол койгон. Ага ылайык, колбаса, сыр, коюлтулган сүт жана жемиштерди камтыган кошумча азык-түлүктөр аскердик рационго киргизилген. Мындай чечим аскер кызматкерлеринин тамак-ашын жана ден-соолугун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк рациону 2002-жылдан бери өзгөрө элек болчу.