Өкмөт электрондук паспортторду жана башка документтерди 1-майга чейин иштеп чыгат

1-майга чейин өкмөткө электрондук паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү, транспорттук каражаттарды каттоо күбөлүктөрүн киргизүү сунушталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мындай иш-аракет мамлекет менен жарандардын өз ара аракеттенүү жол-жобосун жөнөкөйлөтөт.

«Мамлекеттик катто кызматы санарип электрондук документтерди киргизүү боюнча иштеп жатат. Жакынкы арада мобилдик тиркеме ишке киргизүү пландаштырылууда. Анда үч негизги документтин электрондук версиялары камтылат: 2017-жылдагы паспорт, айдоочулук күбөлүк жана автоунааны каттоодон өткөрүү күбөлүгү»,- деп билдиришти өкмөттөн.

Аталган мобилдик тиркемени ишке киргизүүнүн укуктук негиздерин иштеп чыгуу үчүн «Санариптик документтердин реестри жөнүндө» долбоору иштелип чыккан, ал учурда парламенттин кароосунда жактырылууда.