Өкмөт ID-карттарды акысыз берүү боюнча улуттук өнөктүктү ишке киргизет

Кыргызстандын өкмөтү 2017-жылкы үлгүдөгү идентификациялык карта-паспортторун (ID-карта) акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны ишке киргизет. Өкмөттөн билдиришкендей, аталган кампания президенттин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылат.

«1-майдан 31-августка чейин толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернатта жашаган 16 жаштагы балдарга 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карта акысыз берилет», — деп айтылат маалыматта. Өкмөттөн билдиргендей, паспортун жоготуп алгандарга бул эреже иштебейт.