Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан жаңы конуштун тургундарынын нааразычылыгын президент өзү укту

Бүгүн, 18-ноябрда Жер-Ынтымак конушунун жашоочулары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар президенттен Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жанындагы үйлөргө кызыл китеп берүүнү суранышты.

Алардын айтымында, жашоочулар үйлөрүн маңдай тер менен табылган акчага сатып алышкан.

Митингге чыккандардын алдына президент Садыр Жапаров чыгып, чогулгандардын маселелерин укту. Бирок ал тургундардын маселесин чечүү үчүн кандай убадаларды бергени азырынча белигисиз. Бул суроого жооп алуу үчүн президенттин маалымат катчысына байланышканыбызда, маалымат бир нече убакыттан кийин берилерин айтты.