Өкмөт үйүнүн алдында Төрткүл суу сактагычы боюнча митинг өттү

Бүгүн, 8-февралда «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана Баткен облусунун тургундары өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча айткан сөздөрүнө жооп берүүсүн талап кылып, Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышты. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

Митингчилер Мариповдун кечээ, 7-февралдагы видео кайрылуусу жетишсиз жана түшүнүксүз экендигин айтышууда. Алардын айтымында Марипов аларга чыгып, толук түшүндүрмө бериши керек.

Ошондой эле топтолгондор Төрткүл суу сактагычындагы Кайырма, Ак-Суу каналдары жана башкы суу бөлүштүргүч куймасы Кыргызстанга карай турганын айтышып, бул боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттык комиссия түзүлүшүн да талап кылыша тургандыгын билдиришти.

Мындан улам митингчилерге Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров келип, бул маселе жакынкы күндөрдө парламенттин жалпы жыйынында карала тургандыгын айтты.