«Окорочкадай сандарын дүйнө эли көрүп жатат». Өзүбек Чотоновдун балбан кыздар тууралуу пикири талкууга түштү

Диний ишмер Өзүбек Чотонов балбан кыздарды сындады. Ал кыздардын килем үстүнө жарым жылаңач чыгып жатканын, алардан пайда жок экенин айтты.

«Жарым-жылаңач чыгып жатышат. Алардын окорочкадай сандарын дүйнө эли көрүп жатат. Медаль беребиз десе эле бүт жакты көрсөтө бериш керекпи? Мисалы, мен медаль алсам мындан электр энергиясы арзандап, газ арзандайбы? Айлыгың көбөйүп же жолдор асфальтталып калабы? Мен Кыргызстан үчүн көп балалуу болуп, бала тарбиялап жатам. Бул менин Кыргызстан үчүн кылган эмгегим», — деп жазды ал.