Октябрь районунда дагы бир коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды

Октябрь районунда дагы бир коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эмдөө пункту 12-кичи районундагы «ДК» соода түйүнүндө ачылган. Пункт эртең мененки 08:30дан 21:00гө чейин иштейт.

Вакцина алуу үчүн жарандын жанында паспорту болушу шарт.