Октябрдан тарта Оштон Стамбулга түз каттам менен учууга болот

Эми Ош шаарынан Стамбулга түз каттам менен жетүүгө мүмкүн. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

«Стамбул-Ош-Стамбул» маршруту боюнча жаңы туруктуу каттам 1-октябрынан тартып ишке кирмекчи. Жүргүнчүлөрдү ташууну «Pegasus» авиакомпаниясы жумасына 3 ирет — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзмөкчү. Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөттү түзөт.