«Окуу акысына 50 пайыздык жеңилдик сурайбыз». Студенттер бийликтен жардам күтөт

Өлкөдөгү студенттер биригип, кийин жогорку окуу жайларга бойкот жарыялаганы жатышат. Азыр алардын катарына 30 университеттин 3 миңдей студенти кошулган. Алар бийликтен окуу акысын төлөө боюнча маселени чечип берүүгө жардам сурашууда.

“Пандемия учурунда студенттердин көпчүлүгү жакындарын жоготуп, ишсиз калып, атүгүл курсагын да тойгуза албай калды. Бардык кыйынчылыктарга карабастан, мугалимдер, ректорлор, билим берүү жана илим министри баш болуп, биздин оор абалды түшүнбөй жатышат. Анысы аз келгенсип, окуудан айдаласыңар дешүүдө. Биз 2020-2021 окуу жылынын төлөмүнө 50 пайыздык жеңилдик кылып берүүнү суранабыз. Эгерде бизге көңүл бурушпаса, анда митингге чыгып, ачкачылык жарыялайбыз”, — дешет студенттер.