«Окуучу кыз дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүүдө». Бишкекте троллейбус сүзүп кеткен кыз аман калды

Буга чейин окуянын күбөсү Бишкекте троллейбус мектеп окуучусун сүзүп кеткенин, кырсык Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде катталганын жазып чыккан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдирүү түшкөнүн, жерине кызматкерлер кеткенин билдиришкен.

Редакцияга троллейбус башкармалыгынан окуя боюнча маалымат беришип, учурда кыз дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп жатканын билдиришти. «Бүгүн, 13-октябрда болжол менен саат 13:26 чамасында №10 троллейбустун айдоочусу Москва көчөсү менен бара жатып, Эркиндик бульварына жеткенде 2011-жылы туулган кызды сүзүп алган. Жерине Милициянын кайгуул кызматы жана Тез жардам чакырылган. Учурда окуучу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүүдө»,- дешти.