Окуучулар катышкан жол кырсык. Депутат 256 бала башка айылга барып окуй турганын айтып, президентке кайрылды

«Кудайга шүгүр, балдарыбыз аман калды» деди депутат Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңештин жыйынында Манас аэропортуна бараткан жолдогу окуучулар катышкан жол кырсык боюнча айтып жатып.

«20-апрель күнү Манас айылында мектепте окуучу ташыган маршрутка жол кырсыгына кабылды. 27 окуучу ооруканага түшүп, төртөө ранимацияда эле, бүгүнкү күндө үчөөнү ата-энелери алып кетишти. Ошол жердеги мектепти айтса эле, «баягы эле сөз» дейсиңер. Мектепте 3500 окуучу окуп жатат. 920 орундуу мектеп. Ата-энелер президентке да кайрылуу жасады, Садыр Нургожоевич, ата-энелер кайрылып, Лесное айылына мектеп салып бергиле деп жатат. 256 бала башка айылга барып окуйт. Кудайга шүгүр дейли, кырсыктан балдарыбыз аман калды. Башталгыч мектеп салып берсин деп өлко башчыга кайрылып жатат», — деди ал.

20-апрелде Аэропорт — Бишкек жолунда жол кырсык катталганын, окуучулар бара жаткан автобусту GoBus маршруткасы сүзгөнү маалым болгон. Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, жабыркагандардын саны 16 адам экенин билдиришкен. Саат 15:00гө карата жол кырсыгынын кесепетинен жабыркап, саламаттыкты сактоо уюмуна жаткырылгандардын жалпы саны 21 адамды түзгөн (20 бала жана 1 чоң адам). Жол кырсык боюнча Чүй ОИИБ кылмыш иши козголгонун билдирген.