Окуучулардын экинчи чейректен тартып мектепте окуусу дале чечилбей турат

Экинчи чейректен тартып мектептерде окуунун башталышы дале чечиле элек. Окуучулардын күзгү каникулу бүрсүгүнү, 11-ноябрда аяктайт.

“Кадимкидей окутууну баштоо эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болот” деп билдирди Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев. Анын айтымында, министрлик кырдаалга жараша мектептер, университеттер жана колледждер үчүн бир нече сценарийлерди иштеп чыккан. Ошентип, окутуунун 3 варианты сунушталууда:
1. Окуу процессин толугу менен онлайн режиминде уюштуруу;
2. Окуу процессин аралаш форматта уюштуруу, айрым сабактарды онлайн режиминде, башкаларын — оффлайн режиминде өткөрүү;
3. Кадимкидей окутуу форматына өтүү.