Окуучулардын жазгы каникулу узартылды

Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы эс алуусу кыскарып калганы тууралуу келип түшкөн кайрылууларды жана өтүнүчтөрдү карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алды.
Ага ылайык, окуучулардын жазгы каникулу 2-марттан 7-мартка чейин узартылды. Мындайча айтканда, эс алуу мөөнөтүнө кошумча 4 күн берилди. Окуу планынын толук аткарылышын камсыз кылуу максатында, кошумча берилген 4 окуу күнү май айында окутулат. Натыйжада, 2025-2026-окуу жылы салттуу түрдө 25-майда эмес, 29-майда аяктайт. Акыркы коңгуроо аземи 2026-жылдын 29-майында өткөрүлөт.