Окуучуну уруп жаткан мугалимдин видеосу тарады

Социалдык тармактарда окуучуну сабак учурунда уруп жаткан мугалимдин видеосу тарады.

Маалыматтарга караганда, видео тарых сабагы учурунда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде тартылган.

Азырынча расмий комментарий берише элек.