Өлчөмдөрү ар кандай болгон жаңы 500 сомдуктар. Улуттук банк комментарий берди

Социалдык тармактын колдонуучулары өлчөмдөрү ар кандай болгон жаңы 500 сомдуктардын видеосу менен бөлүшүп жатышат.

Видеодон көргөндөй эки купюранын өлчөмдөрү ар кандай. Жаңы банкнота ушул жылдын майында жүгүртүүгө киргизилген. Жогорудагы видео боюнча Улуттук банк комментарий берди.

Көрсөтүлгөн банкноттордун жасалма эместигин аныктоо, ошондой эле объективдүү баа берүү жана улуттук банкноттор үчүн белгиленген талап кылынган сапатка жана спецификацияларга ылайык келүүсүнө тийиштүү экспертиза жүргүзүү максатында купюраны Улуттук банкка өткөрүп бериши керек. Алардын маалыматы боюнча комментарий банкнотторго тиешелүү экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин берилет.

Улуттук банк улуттук валютанын банкноттору эл аралык сапат стандарттарына ылайык чыгарылаарын белгилейт. Даярдалган банкноттордун сапаты банкнотторду даярдоонун ар бир этабында текшерилет.