«Каза болду дешкен, бирок сөөк башканыкы экен». Аскер Дастан Анарбеков дайынсыз болууда

Талас облусунун кулуну, Баткенде кызмат өтөп жүргөн Дастан Анарбеков учурда дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын эжеси СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«15-сентябрь күнү кечинде Дастанды каза болду, сөөгүн алып кеткиле деп бизге кабарлашкан. Бирок сөөк башка баланыкы экен. Ошондон бери тирүү же өлүгүн биле албай жүрөгүбүз ордунда эмес. Инимди тиешелүү органдар издеп жатабыз деп жатышат, бирок азырга чейин маалымат жок», — дейт эжеси.

Белгилей кетсек, Дастандын сүрөтү каза болгон жоокерлердин арасына кошулуп коомчулукка жарыяланып кеткен. Жакындары дагы деле инисинин дайынын таппай жатканын айтышат.