«Өлгөндө гана көзөмөлгө алынабы?». Депутат кулак-мурду кескиленген келиндин окуясы боюнча милицияга нааразы болду

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова жыйында Селекцияда кескиленген келиндин окуясын көтөрдү.

«Кечээ каргашалуу бир окуя болду. Селекцияда эркек киши жубайынын бетин, кулагын кесип жатпайбы. Милицияга бир нече жолу кайрылса, кайдыгер болгону социалдык тармакка чыкты. Эмнеге азыр өлкөбүздө сөзсүз түрдө интернетке чыгып же резонанс болгондо эле көзөмөлгө алынат. Министрликтин жоопкерчилигин караш керек, мен талап кылам. Сөзсүз түрдө бирөө өлүш керек же бир жаман окуя болгондо гана көзөмөлгө алынышы туура эмес», — деди депутат.