Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев 7 миллионунчу кыргызстандыкка алтын медалын тапшырды (сүрөт)

Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев 7 миллионунчу кыргызстандыкка өзүнүн алтын медалын белек кылды. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Каныбек Осмоналиев 7 миллионунчу кыргызстандыктын үй-бүлөсү менен жолуккан. «Осмоналиев Жакшылыкка бекем ден соолук, келечекте өлкөбүздүн чыгаан спортчуларынын бири болушун каалап, алтын медалын тапшырды. Мындан тышкары, Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытовдун сүйүнчүсү тапшырылды»,- деп айтылат маалыматта.