Олимпиада. Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча өз тобунда 3-орунда келди

Кыргызстандык Денис Петрашов Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында старт алды.

24-июлда 100 метрге брасс сүзүү боюнча мелдешке чыкты. Жалпысынан бул дисциплина боюнча 49 спортчу катышат.

Петрашов төртүнчү топто баштап, өзүнүн тобунда 3-орунга жетишти. Анын жыйынтыгы 1 мүнөт 0,23 секунд. Бул аралыкта жарым финалга эң мыкты убакыт көрсөткөн 16 спортчу чыгат. Азырынча финалисттердин курамы аныктала элек.

26-июлда Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка чыгат.