Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтүп жатат

Бүгүн, 23-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө Токиодогу Олимпиада оюндарынын (Япония) ачылыш аземи болуп жатат. 

Ачылыш азем коронавирус пандемиясынын айынан бош трибуналардын алдында өтүүдө. Ачылышка Япониянын Императору Нарухито, Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах жана башка жогорку даражалуу коноктор катышып жатышат. 

Белгилей кетсек, оюндарга Кыргызстандын атынан лицензия утуп алган 16 спортчу катышат. Өлкөнүн желегин сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана Каныкей Кубанычбекова көтөрүп өтүшөт.