Бүгүн, 7-августта Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргоо үчүн кеткен спортчулар өлкөгө кайтып келишти. Аларды «Манас» аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча министри Кайрат Иманалиев, спортчулардын ата-энелери, туугандары, машыктыруучулары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Ал эми учурда «Ала-Тоо» аянтында спортчулар менен жолугушуу өтүп жатат. Спортчуларды куттуктоо үчун аянтка Садыр Жапаров келди.