Олимпиада учурунда Кыргызстанда 37 Акжол, 15 Айсулуу төрөлдү

Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын жүрүшүндө Кыргызстанда жаңы төрөлгөн 90 балага Олимпиаданын медалчыларыныкындай ысым ыйгарылган.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги АКИpress агенттигине ысымдар боюнча статистикалык маалыматтарды берген. 37 балага Акжол, 15 кызга Айсулуу, 14 кызга Мээрим, 12 балага Жоламан, 9 кызга Айпери, 2 балага Акжоламан, 1 балага Мунарбек ысымдары ыйгарылган. 

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул ысымдар Олимпиада учурунда тез популярдуулукка ээ болбогонун билдирген. Ошондой эле балдарга кыргыз спортчуларынын урматына ушундай ысымдар коюлганы тууралуу факты жок, анткени булар жалпы кыргыз ысымдары.