Олимпиадада күмүш жеңген Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусунун беттештен кийинки эмоциясы

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиада оюндарынын күмүш медалын жеңди.

Анын финалдык беттешин машыктыруучусу Беганас Султанбаев Оштогу чоң экранда көрдү.

Эске салсак, Кыргызстандык спортчу беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, 1-августка караган түнү кубалык Сайдель Хортаны утуп, чейрек финалга чыккан. Сейитбек уулу 4-августка караган түнү АКШлык Жамал Харви менен беттешип, кайрадан жеңишке жеткен.

9-августка караган түнү анын атаандашы болгариялык Хавьер Ибанес Диас болду. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңишти кыргызстандыкка беришти. Мунарбек Сейитбек уулунун финалдагы атаандашы өзбекстандык мушкер болду.