Өлкө боюнча ар бир билим берүү мекемесинде медициналык кабинеттер уюштурулат

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргыз Республикасындагы БУУнун туруктуу өкүлү/ Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу Луиз Чемберлен менен жолукту.

«Бизде ишке ашырууга муктаж болгон көптөгөн биргелешкен долбоорлор бар. БУУ тутуму тарабынан каралып жаткан долбоорлордун алкагында олуттуу демилгелер бар – бул Кризистен кийинки калыбына келтирүү планын ишке ашыруудагы өкмөттү колдоо болуп саналат. Мындан тышкары, жакын арада ыктымал болгон коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкунуна даярдык жаатындагы Өкмөттү колдоого алуу боюнча долбоорлор каралат. Биз Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун бардык институттарына туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө өбөлгө түзүүчү өлкө аймагындагы маанилүү жана зарыл долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деди Артем Новиков.

Луиз Чемберлен маалымдагандай, COVID-19 ыктымалдуу жаңы толкунуна байланыштуу алар үч маанилүү чакырыкка көңүл бурууга ниеттенүүдө.

«Биринчиси – вакцина жана вакцинациялоо маселесине тийиштүү маселе, экинчиси – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумунун жооп кайтарууга даярдыгы, үчүнчүсү – социалдык коргоо. Биздин байкообузда, өлкөдө коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну тездик менен күч алууда. Азыртадан оорунун жайылышынын алдын алуу тобокелдигин жоюу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу керек. Биз өнөктөш катары биргеликте иш алып барганда көп нерсеге жетише алабыз. Биз өзүбүз тараптан социалдык жана гендердик мүнөздөгү маселелерде жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди Луиз Чемберлен.

Тараптар Кыргызстандагы COVID-19 жайылышынын алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды, ошондой эле COVID-19 үчүнчү толкуну учурундагы өкмөттүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн калкты маалымдоо, дары-дармек каражаттарын ташуу, калкты вакцинациялоо жана эпидемиологиялык тобокелдиктер маселесин координациялоодо биргелешкен күч-аракетин  талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жакынкы арада бардык актуалдуу багыттар, анын ичинде өлкө жарандарын социалдык коргоо боюнча биргелешкен аракеттер планын даярдоо тууралуу белгиленди.