Кыргызстанда 11-март, ишемби күн — иш күн. Бул Министрлер кабинетинин токтомунда айтылат.
Жарандар 5-январга чейин иштеши керек. Кошумчалай кетсек, март айында кайрадан узакка созулган дем алыш күн – 18-марттан 21-мартка чейин болот.
20-март иш күнү дем алыш күнгө — 29-апрелге которулат. Белгилей кетсек, документ мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекеме-ишканалардын беш күндүк иш жумалык графиги боюнча иштеген кызматкерлерине тиешелүү.