Өлкөдө 83 миңден ашык чет элдик студенттер билим алышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын жылдык жалпы жыйынына катышты.

«Бүгүнкү күндө өлкөбүздө стратегиялык мааниге ээ болгон бул тармак 70ке жакын илимий уюмдан турат, анын активинде 1500гө жакын илимдин доктору, 5500 илимдин кандидаты бар жана жыл сайын 700 миллион сомго жакын суммада мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Жогорку окуу жайларынын 230 миңден ашык студентинин потенциалы толук ачылбастан, экономикага начар тартылган. Ошол эле учурда билим берүүнү экспорттоо жакшы деңгээлге коюлган  – бизде 83 миңден ашык чет элдик студенттер бар», — деди Акылбек Жапаров.