Министрликтин дары-дармек жана медициналык буюмдар боюнча департаменти текшерүү учурунда өлкө боюнча 84 дарыкана уруксат документтери жок иш алып барганын аныктаган. Уруксат кагазы жок иш алып барган дарыканалардын иши прокуратурага өткөрүлөт.
Алар:
Бишкек шаарында — 30 дарыкана;
Нарын облусу — 5 дарыкана;
Талас облусу — 8 дарыкана;
Ысык-Көл облусу — 4 дарыкана;
Ош шаары — 37 дарыкана.