Өлкөдө айт намазы учурунда жол тыгыны катталган жок

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Айт намазы учурунда өлкө аймагындагы бардык мечиттерге бөлүнүп, мечиттердин айланасында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап беришти.

Айрыкча мечиттердин айланасындагы туура эмес жерлерге унааларды калтырбоо, көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылын жөнгө салуу жана жол тыгындарын болтурбоо багытында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп беришти. Эч кандай жол тыгындарына жана жол кырсыктарынын катталуусуна жол берилген жок.