Өлкөдө жумуртка, пияз, күрүчтүн баасы арзандады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө (Россия, Казакстан) азык-түлүк продуктуларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:
Кыргыз Республикасында баалар төмөнкүдөй: сабиз – 1,4 %, кум-шекер – 0,5 %, кой эти (сулп этинен башкасы) – 0,4 %, макарон азыктары (спагетти) – 0,4 %, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 0,1 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 0,1 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 0,1 %га жогоруласа, ал эми жумуртка – 3,3 %, баш пияз – 2,3 %, күрүч – 0,4 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 0,2 %га төмөндөгөнү байкалды .
Казакстанда баалар төмөнкүдөй: кум-шекер – 18,4 %, макарон азыктары (вермишель) – 12,6 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 9,4 %, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 7,1 %, баш пияз – 7 %, картошка – 5,2 %, сабиз – 4,8 %, жумуртка – 4,4 %, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 2,5 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 2 %га жогоруласа, ал эми күрүч – 9,8 %, макарон азыктары (спагетти) – 5,9 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 1,6 %га төмөндөгөнү байкалды.
Россияда баалар төмөнкүдөй: картошка – 2,1 %, сабиз – 1,9 %, баш пияз – 1,6 %, жумуртка – 1,6 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 1,5 %, кой эти (сулп этинен башкасы) – 1,4 %, макарон азыктары (вермишель) – 1,3 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 1,3 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 1,3 %, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 1,3 %, күрүч – 1,1 %, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 1,1 %га жогорулаганы байкалды.