Өлкөдө жүрүп жаткан сасык тумоонун 96 пайызын чочко тумоо түзүүдө

Өлкөдө жүрүп жаткан сасык тумоонун 96 пайызын чочко тумоо түзүүдө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Султан Абдыкадыров журналисттерге билдирди.

«Лаборатория тарабынан тастыкталган тумоонун 142 учурунун ичинен А/H1N1 түрү (чочко тумоосу) басымдуулук кылат. Бул аптада ал 96 пайызды түздү. Чочко тумоосу оор жүрөт, бат жугат жана тез жайылат. Ошондуктан, сасык тумоого каршы эмдөө алууга чакырабыз», — деди ал.