Өлкөдө кыздар 20-29 жашында үй-бүлө курууга басым жасашат

Республиканын калкынын жаш курактык курамы никеге туруунун жогорку жыштыгын көрсөтөт. 2022-жылы 48 миңден ашуун аял никеге турган, алардын 87 пайызы биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 20-29 жашында үй-бүлө курууга басым жасашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жашта, ар бир төртүнчү аял 17-19 жашта жана ар бир алтынчы аял 25-29 жашта болгон. Аялдардын биринчи никеге тургандарынын орточо жашы 24 жашты, экинчи никеге тургандардын жаш курагы 35 жашты түздү.

Республикада орточо статистикалык аял биринчи баласын 23-24 жаш курагында төрөйт жана жашоосунда үч балалуу болот, бул жетишээрлик жогору көрсөткүч болуп саналат. Көпчүлүк КМШ өлкөлөрүндө төрөт жөнөкөй өндүрүү деңгээлине чейин төмөндөсө, Кыргызстанда калктын жогорку деңгээлде көбөйүшү камсыздалат, тактап айтканда, өлкөнүн калкынын саны көбөйүүдө.

Беш жылдык мезгилде төрөттөрдүн саны 2018-жылы 157 миңден 2022-жылы 141 миңге чейин, же 1,3 пайызга азайган. Ошол эле учурда стационарларда төрөлгөндөрдүн эң көп саны 28,6 пайызы – 25-29 жаш, ошондой эле 26,2 пайызы 20-24 жаш курактык топтогу аялдарга туура келген.