Өлкөдө өсүмдүк майы буга чейин болуп көрбөгөндөй кымбаттады

Өткөн жылы азык-түлүктүн ичинен өсүмдүк майы эң көп кымбаттады. Анын баасы дээрлик 52 пайызга чейин көтөрүлдү, мындай жогорулоо буга чейин болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Улуттук статистикалык комитеттин өкүлү маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, буга чейин өсүмдүк майы аябай кымбаттады дегенде 20 пайызга гана көтөрүлчү. Өсүмдүк майдын 80-90 пайызга чейинки бөлүгү Казакстан, Орусия жана Азербайжандан импорттолуп келет.

Ошондой эле койдун жана уйдун этинин баасы 30 пайыздын тегерегинде, күрүч 20 пайызга, ун 10 пайызга, кумшекер 30 пайызга кымбаттаган.