Өлкөдө сел жүргөн аймактарда кайсы жолдор ачык, кайсы жолдор жабык? Тизме

Бүгүн, 29-июнь саат 08:00гө алынган маалыматты Транспорт министрлигинен таратышты.

Мырза-Аке — Кара-Шоро жолунун 49-51-чакырымдар аралыгында жол каттамы бир тараптуу ачылды. Тазалоо иштери уланууда.
Ылай-Талаа-Карагуз-Түшүнүк жолундагы (17-28-чакырымдар аралыгында) сел түшкѳн тилкелерде жол каттамы бир тараптуу ачылды. Азыркы учурда тазалоо, кеңейтүү иштери аткарылып жатат.
Ош-Баткен-Раззаков жолунун 43 жана 63-чакырымдарында жол каттамы бар. Азыркы учурда жол кызматкерлери иштеп жатат.
Додон-Салиева-Абшыр-Сай жолунун 47-50-чакырымдар аралыктарында сел түшкѳн, жол убактылуу жабык. Азыркы учурда иштер кызуу жүрүүдө.
Төө-Моюн-Өсөр-Жаңы-Арча жолунун 26, 29, 32-чакырымдарында сел каттуу жүрүп, азыркы учурда жол убактылуу жабык. Жолчулар иштеп жатышат.
Көк-Жар-Кызыл-Кыя жолунун 7-8-чакырымдар аралыгында кечээ, 28-июнь түнкү саат 24:00до жол каттамы бир тараптуу берилди.
Караван-Пахтачи жолунда (30-42-чакырымдар аралыгы) бир тараптуу каттам бар. Азыркы учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
Жаңы-Арык-Кызыл-Суу (31-32-чакырымдар аралыгы), Орто-Мечит-Кызыл-Суу (31-32-чакырымдар аралыгы) жолдорунун сел түшкѳн аймактарында түнү иштер жүрүп, кечки саат 22:30до бир тараптуу каттам берилген.
Ош-Сарыташ-Эркечтам жолунун 44-46-чакырымдар аралыгында жана Гүлчө-Каблан-Көл (16-чакырымында) сел түшкѳн аймактарда тазалоо иштери аткарылып, жол каттамдары берилди.