Министрлер кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Бул чечим жазгы-талаа жумуштарынын мезгилинде ата мекендик айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоого багытталган. Убактылуу тыюу салуу 6 айлык мөөнөткө киргизилди.