Өлкөгө коронавируска каршы вакцина келсе биринчи кимдер эмдөөдөн өтөт?

“Covax” программасынын негизинде коронавируска каршы вакцина менен биринчи баскычта дарыгерлер, ал эми экинчи баскычта тобокелдик тобуна жана аярлуу катмарга киргендер эмделет, деди бүгүн, 21-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйында.

Анын айтымында, Кыргызстан вакцинаны тандоодо анын натыйжалуулугуна көңүл бурушу керек жана эмдөө милдеттүү түрдө болбошу керек.

Профилактикалык эмдөө жүргүзүүгө 226 миллион сом кетет. 371 миң адам эмдөөдөн өтөт.

Министр учурда Россия менен вакцинаны өлкө аймагына алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.