Ишемби, 21.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Өлкөнүн тагдырына баарыбыз бирдей жоопкербиз». Президент Садыр Жапаровдун жаңы жылдык куттуктоосу

00:46 01.01.2022
0
«Өлкөнүн тагдырына баарыбыз бирдей жоопкербиз». Президент Садыр Жапаровдун жаңы жылдык куттуктоосу

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаңы 2022-жыл менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу:

«Кымбаттуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер! Бир нече мүнөттөрдөн соң жаңы 2022-жылдын мезгил чен-өлчөмүндө жашай баштайбыз. Мен Кыргыз Республикасынын президенти катары калайык-калкымды Жаңы жыл майрамы менен алгачкы жолу куттуктап олтурам. Жаңы жыл өткөн жылга кылчая карап, «эмне иштерди аткара алдым, бул жыл эмнеси менен эсте калды» деген суроолорго жооп издөөгө, ошол эле учурда келечекке максат кылынган иштерди, ой-тилектерди, иш-аракеттерди алдын-ала болжоп алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Узап бараткан жыл маани-маңыздуу окуяларга бай болду.

Мамлекетибиздин эртеңки өнүгүү багытын көздөгөн, ага түздөн-түз таасир этүүчү саясий чечимдер кабыл алынды. Жыл башында жаңы Конституциябыз даярдалып, коомдук кеңири талкуудан соң, жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынды. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, элибиз президенттик башкаруу системасын тандап алды.

Жергиликтүү кеңештер, Жогорку Кеңешке шайлоо дагы жаңы Баш мыйзамдын негизинде өткөрүлүп, анын расмий жыйынтыктары жарыяланды. Ага жалпы эл-журтубуз күбө. Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында канчалык сын-пикир айтылбасын, ага карабастан, алгачкы ирет таза жана ачык-айкын шайлоону өткөрө алдык. Муну эл аралык байкоочу миссиялар, дүйнөлүк кадыр-барктуу уюмдар дагы ырастады. Эл менен буга чейинки жолугушууларда белгилегенимдей, шайлоолор — өлкөдөгү жаңы Конституция кабыл алынгандан кийинки ири саясий өнөктүктөрдүн соңкусу, анын саясий логикалык жыйынтыгы десек туура болот. Биз эч качан демократиялык дөөлөттөрдүн жолунан кайтпайбыз, анын принциптерин бекем сактайбыз!

Тилекке каршы, узап бараткан жыл адам өмүрүн алган кейиштүү окуялар менен да коштолду. Албетте, сөз нугу жаз айларында Баткен жергесинде жарандарыбыздын өмүрүн алган кайгылуу окуялар тууралуу жүрүп жатат. Ошол күндөрдө «аскерлерибиз каякта, жалпы мобилизациялоо жүргүзүү керек» дегенге чейинки чакырыктар айтылды. Бирок биз андай кескин аракеттерге барганыбызда, бирөөлөрдүн чырагына май тамызып, балким, ушул күнгө чейин согуштун отун өчүрө албай келмекпиз. Учурдан пайдаланып, ошол күндөрү каза болгон мекендештерибиздин жакындарына дагы бир жолу сабыр тилеп, көңүл айтам.

Урматтуу мекендештерим! Узап бараткан жылы жалпы аракет менен, «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган» биримдигибиз менен коронавирус инфекциясынын жайылышын кескин түрдө ооздуктай алдык. Ошол эле учурда, коронавирустун жаңы штаммдарынын пайда болушу, башка мамлекеттерде анын өөрчүп жатышы өтө сак болууну, илдеттин жайылышын алдын алуу багытындагы иштерди кылдаттык менен уланта берүүбүздү талап кылат. Калкыбыздын саламаттыгына, билим алуусуна кам көрүү — биздин башкы мүдөөбүз, эң негизги приоритетибиз. Мамлекет тарабынан медицина кызматкерлерине, мугалимдерге карата мамиле кескин өзгөрөт. Алардын айлык-акыларын жогорулатабыз.

Кадырлуу мекендештерим! Мен президент катары кызматка жаңыдан киришип жатканымда, өлкөбүздүн экономикалык абалы кандай абалда болгондугу баарыңыздарга белгилүү. Жогоруда белгилегендей, пандемия кесепеттери, бюджеттин тартыштык маселеси чындап эле курч турган. Бирок биз элдин ишенимине арзып, жоопкерчиликти мойнубузга алып, кызматка киришкен соң, кыска убакыт аралыгында демилгени өз колубузга алып, социалдык-экономикалык багыттагы иш-аракеттерди ыкчам, жигердүү баштадык. Буга чейин кайда кетип жатканы элге белгисиз болгон каражаттардын агымын тыкыр талдап, аларды кайрадан мамлекеттин казынасына бура алдык. Бул өз кезегинде бизге социалдык милдеттенмелерди толук кандуу аткарууга эле эмес, кайсыл бир деңгээлде эмгек акы, жөлөк пул, пенсияларды көтөрүүгө, элдин социалдык маселелерин чечүүгө мүмкүндүк жаратты. Мындай иш-аракеттер ушуну менен эле токтоп калбайт. Бюджет чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акыларын да жогорулатуу иштери мүмкүнчүлүккө жараша мындан ары да улантылат. Мындан тышкары, мамлекеттик банктар аркылуу айыл чарба багытындагы иштерге берилген насыялардын максаттуулугу менин жеке көзөмөлүмдө экенин дагы бир жолу айтып өтөйүн. 6 пайыздык арзан кредиттерди аткаминерлер тааныш-билиштикке салып, өздөрү алган учурларга эми жол бербейбиз.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тарифтер жаңы жылдан баштап 50 тыйындан эсептеле баштайт. Бул аз камсыз болгон 110 миңден ашуун үй-бүлөгө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү дегенди билдирет. Кыргызстан суу башында турган өлкө экенин, энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алуу менен энергетика тармагынын туруктуу иштеши жана өнүгүүсү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлөрүн баса белгилеп айта кетейин.

Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу жаатында үзгүлтүксүз иштер алып барылууда. Маселен, эгемендүү тарыхыбызда биринчи жолу өз каражатыбызга коргонуу мүмкүнчүлүгүбүздү күчөтүп, аскерлерибизди азыркы заманбап техника менен камсыз кылдык. Ошону менен бирге өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу менен аскердик техникалар жаңыланууда.

Көп жылдардан бери мамлекеттик чек арабыздын айрым тилкелерин так ажыратуу маселеси чечилбей, бийликтен бийликке өтүп, олуттуу көйгөй бойдон калып келген. Биз аны колго алып, дипломатиянын жолу менен чечүүнү кескин жүргүзүп жатабыз. Чек ара маселесин чечүү — орчундуу маселелерибиздин бири. Чек ара тилкелерин так аныктоо, делимитациялоо жана демаркациялоо жаатындагы иштер жүрүп жаткандыгы боюнча маалыматтар элибизге байма-бай берилип жатат. Бул иш тыкыр көзөмөлдө.

Урматтуу мекендештер! Жаңы жылда Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылат. Баарыңыздар баамдап тургандай, бул — биз үчүн олуттуу жоопкерчилик. Өлкө экономикасынын өнүгүп-өсүүсүн камсыздоо максатында инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн бир топ иштер аткарылууга тийиш, бир топ иштердин турмушка ашуусу мерчемделип жатат.

Урматтуу мекендештер! Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө, жакынкы жана алыскы мамлекеттер менен болгон дипломатиялык байланыштарды чыңдап, көп тараптуу мамилелерди жүргүздү. Стратегиялык өнөктөштөр жана жакын коңшулар менен болгон кызматташтык күчөп, Кыргызстан БУУ, ЕврАзЭС, КМШ, ШКУ, Түрк мамлекеттер уюму менен кызматташууну активдүү жүргүзүү менен эл аралык мамилелердин жаңы баскычына көтөрүлдү. Жаңы жылда дүйнөлүк державалардын жетекчилери Кыргызстанга расмий иш сапары менен келиши күтүлүүдө. Бул да биздин өлкөбүзгө болгон эл аралык ишенимдин белгиси.

Урматтуу мекендештер! Кыргызстан — тоолуу өлкө. Биз улуттук байлыгыбыз, жерибиздин ыйык тиреги болгон тоолорбуздун, жаратылыш менен экологиябыздын актуалдуу маселелерин дүйнөлүк аренага көтөрүп чыгып, жалпы эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, БУУнун Генералдык ассамблеясынын сессиясына алып чыктык. Кыргызстандын демилгеси колдоого алынып, кыргыз тоолорун көздүн карегиндей сактоо маселеси жактырылды. Ошондой эле 2022-жылы Кыргызстанда өтө турган кезектеги дүйнөлүк Тоо саммитин жогорку деңгээлде өткөрүү милдети алдыбызда турат. Тоолор — элибиздин куту! Кут элибизге ошол тоолордон келерин ата-бабаларыбыз айтып келген. Бул ыйык нускоону эч качан унутпообуз зарыл деп ойлойм. 

Урматтуу мекендештер! Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыгып, бийликтин бардык бутактары толук калыптанды. Өлкөбүздө бекем институционалдык платформа түзүлдү. Өлкөнүн келечеги үчүн бир максат, бир ой менен биримдикте аракет кылуунун учуру келди. Биз өлкөдөгү бардык саясий күчтөр менен биргеликте иштөөгө даярбыз, конструктивдүү иш-аракеттерге ачыкпыз. Курулай саясаттан жаратмандык ишке өтөлү. Өлкөнүн тагдырына баарыбыз бирдей жоопкербиз! Ал жоопкерчиликтин башкы маңызы — өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү!

Урматтуу мекендештер! Алдыбызда өлкөбүздүн экономикасын бийик деңгээлге көтөрүү, илим-билим, маданият тармагын өнүктүрүү, Кыргызстанды жакынкы жылдарда алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошуу милдети турат. Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен элибиздин ынтымагын, биримдигин бекемдеп, өнүгүүгө жол салабыз! Жаңы жыл асыл ой-максаттардын турмушка ашкан жылдарынан болсун! Элибизде, жерибизде туруктуулук түбөлүккө орноп, бакубатуулук менен байгерчиликке жетишели Мекенибизде дайыма тынчтык өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болсун! Жараткан тилектерибизди кабыл кылсын! Жаңы жыл босогосунда элибизге бекем ден соолук, дасторконго береке, жашоодогу аруу тилектердин орундалышын жана чексиз бакыт каалаймын! Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу кыргызстандыктар!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:45 21.03.2026
0

Кечээ, 20-март күнү Ош шаарындагы «Имам аль Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечитте окулган айт намаз алкагында, жаңыдан курулуучу мечиттин...

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:38 21.03.2026
0

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу...

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:35 21.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы жаӊыланууну, биримдикти жана...

ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:21 20.03.2026
0

Кыргыз Республикасында майрамдык Айт намаз болуп, миңдеген адамдар намаз окууга чогулду. Коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун ички иштер...

Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:12 20.03.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер, дин аалымдары жана мекендештер менен бирге Орозо айт намазын окуду....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү