Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-майда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автоунаа жолунун 199-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) суу кар көчкүсү түшүүcү күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.