Омар Матраимов менен түшкөн сүрөт боюнча: «Муфтияттын ачылышына ырдайм го деп баргам»

27-август күнү Бишкекте муфтияттын жаңы курулган баш кеңсесинин ачылыш аземи болуп өткөн. Ал жерге коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимов да барган. 

28-августта социалдык тармактарда ачылышка атактуулар да барганы, алардын Матраимов менен түшкөн сүрөтү жарыяланды. Сүрөттөн спортчу Акжол Махмудов, ырчы Омар, ТикТокчу Аргенбайды, актёр, шоумен Нурсултан Курсанали уулун, модель Аскат Осмоновду, фотограф Эржан Кадырбековду, шоумен, актер Эмил Токтошевди, блогер Байэль Байгазиевди көрүүгө болот. Жогорудагы көрүнүштү коомчулукка Мыкы аты менен таанымал шоумен Мыктыбек Мукаев соцтармактагы баракчасы аркылуу сындап өткөн.

Kaktus.media басылмасына ырчы Омар сүрөт боюнча комментарий берди. «Элге деле капам жок. Элдин да оюн түшүнүп жатам. Коридордо кетип бара жатканда видеого тартылып калдык. Мен ал жакка муфтияттын чакыруусу менен баргам. Муфтий мени өзү чакырган. Мен ырдайм го деп баргам. Муфтияттын кимдин акчасына салынып жатканын ошол жакка барганда билдим. Коридордо өтүп баратканда сүрөткө тартып коёлу деди. Мен ал киши менен тааныш эмесмин. Мурда тойлордо көрүшүп калчубуз», — деди ал.