«Кыргызстанга дарылануудан кайтып келген Өмүрбек Бабанов кайра камакка алынабы?» деген суроо менен Биринчи Май райондук сотуна СЕРЕП МЕДИА агенттиги кайрылды. Райондук сотунун берген маалыматына ылайык, соттун 27-июлундагы токтомуна ылайык, Бабановдун бөгөт чарасы эч жакка кетпөө тил катка өзгөртүлгөн.
Өмүрбек Бабанов 31-майда “Кумтөр” маселеси боюнча коррупцияга шектелип кармалып, 2-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Кийинчерээк УКМК Өмүрбек Бабановдун ден-соолугунун начарлашына байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн айтып, чет өлкөдө дарыланарын маалымдаган. Бүгүн анын өлкөгө кайтып келгени айтылды.