Оң рулдуу унаалар боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

“Кыргызстандын жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген өзгөртүүлөр кабыл алынса, оң рулдуу унааларды каттоо мүмкүнчүлүгү кайтарылат.

«Мурда өлкөбүзгө алынып келинген жана колдонулуп келген оң рулдуу унаалар эң жакшы техникалык мүнөздөмөлөргө ээ, анткени алар негизинен Япониядан келип, сапаты жана ыңгайлуулугу биринчи орунда турат. Чыгарылган жылы жана башка техникалык көрсөткүчтөрү биздин ички рынокко башка өлкөлөрдөн кирген сол рулдуу унааларга караганда алда канча пайдалуу. Мындан тышкары, жаңы унаалардын эксплуатацияланышы жалпысынан экологияга жагымдуу таасирин тийгизет жана республикалык маанидеги шаарлардагы түтүн маселесин чечет», — деп айтылат негиздемеде.

Депутаттар өлкөгө оң рулдуу унааларды алып кирүүгө жана аларды бир шарт менен каттоого уруксат берүүнү — монитор менен камераны милдеттүү түрдө орнотууну сунуштап жатышат.