«Ооруканада дарыланууда». Тажик чек арачылары кыргыз аскер кызматкерин 5 күн мурда сабап салышканы маалым болду

Тажик чек арачылары кыргыз аскер кызматкерин 5 күн мурда сабап салышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кечээ, 22-мартта маалымдашты.

19-март күнү Лейлек районунун Сада жерлигинде кыргыз аскер кызматкери чек ара линиясынын жанынан белгисиз автоунааны токтотууга аракет кылып жаткан учурда тажик чек арачылары кайтарган тилкеге өтүп кеткен. Тажик чек арачылары кыргыз аскер кызматкерин кармап алышкан. Тез арада эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча кыргыз аскер кызматкери өткөрүп берилген. Кароо учурунда кыргыз аскер кызматкеринин башы жарылып, териси сыйрылган жаракаттары аныкталып, формасы кан болуп калган. Кыргыз аскер кызматкеринин айтымында, ал жана тажик чек арачылары мушташып кетишкен. Азыр кыргыз аскер кызматкеринин абалы туруктуу, ооруканада дарыланууда. Чек ара кызматы бул факты боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.