«Ооруканага бара жаткам». Баласын алдына отургузуп, унаа айдаган аял үн катты

Кечээ, 14-сентябрда социалдык тармактарда аял баласын алдына алып, унаа айдап бара жатат деген видео тараган. Бул боюнча Кайгуул милициясы маалымат таратып, тиешелүү протокол түзүлгөнүн билдирди.

Ал эми айдоочу ооруканага бара жатканын, улам дарыгер менен сүйлөшүп бара жатканын айтты.