«Оозу скотчтолуп, караңгы бөлмөгө камалды» деген тастыкталган жок». Жалал-Абаддагы бала бакчанын тарбиячысы жумуштан кетти

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаеванын айтканы боюнча маалымат берди.

«Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө 18-октябрь күнү ата-энелер тарбиячынын үстүнөн оозеки арыз менен кайрылышкан. Кайрылуунуну негизинде комиссия түзүлүп, маселе жеринде каралган. Анын чечими менен бала бакчанын тарбиячысы өз арызынын негизинде бошотулган. Ал эми бакча жетекчисине сөгүш жарыяланган. «Оозу скотчтолуп, караңгы бөлмөгө камалды» деген маалыматтар такталган жок», — деди ал.

Буга чейин депутат айым Жалал-Абад шаарындагы «Теремок» бала бакчасынын тарбиячысына нааразы болгон.