«Өпкөңдү кагып коём. Кыйкырбай сүйлө!». Депутат Талиева соцтармакта сынга алынып жатат

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун жоюу керек, же өзүнчө орган болуп бөлүнүп, ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагында болбошу керек. Бул тууралуу депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

Кеп дарыканаларда сатылып жаткан мөөнөтү өтүп кеткен дарылар тууралуу болгон.

Суроо-жооптун арасында депутат Талиева менен фонддун жетекчиси Азамат Муканов айтыша кетишти.