Милиция: «Ордо» партиясынын лидеринин жубайы аны издөөнү токтотууну суранды

«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияровдун жубайы аны издөөнү токтотууну суранды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Буга чейин маалымат каражаттарында Мияровдун дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат тараган. Милиция саясатчынын үйүнө барып, жакындарынан ал 28-ноябрда күндүзгү саат үч чамасында УШКга добуш берүүгө кеткен бойдон байланышка чыгууну токтотконун аныкташкан.

«Жубайы Мияровду издөөнү токтотууну суранып, эч кимге дооматы жок экенин билдирди»,— деп айтылат маалыматта.