Орхан Инанды дайынсыз жоголгондон бери биринчи жолу митинг өткөн жок. Анын себеби эмнеде?

“Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды жоголгондон тарта күн сайын митинг өтүп келген. Тогуз күндөн бери үзгүлтүксүз митинг уюштургандар бүгүн, 10-июнда митингге чыккан жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги “Сапат” билим берүү мекемеси менен байланышканда төмөндөгүчө түшүндүрүштү.

“Кечээ, 9-июнда Орхан Инандыны колдоп чыккандарга директордун орун басары Кудайберди Нурланов 2-3 күн бийликтин жообун күтүп турууну айткан. Эгер айтылган аралыкта кабарын билдиришпесе митинг кайра уланат. Биз токтоп калган жокпуз, жооп күтүүдөбүз”, – деп билдиришти “Сапат” билим берүү мекемесинен.