Бишкекте «Сапат» лицейинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын чакан митинги өттү. Алардын арасында Инандынын жубайы Рейхан Инанды дагы бар. Ал дайынсыз болуп жаткан жолдошу Кыргызстандагы Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатышы мүмкүн деген оюн айтты.
Үй-бүлөнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунованын билдирүүсүндө, бул маалыматты аларга ишенимдүү адамдар билдирген. Бирок ал аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону суранган. Түркия элчилигинен митингчилерге эч ким чыккан эмес.
1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.