Орхан Инандынын жубайы: «Ал кыргыз элине, кыргыз жетекчилигине ишенген»

Мен Орхан Инанды Кыргызстанда болсо деп үмүттөнгөм. Бул тууралуу «Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды журналисттерге билдирди.

«Мага Орхан Инанды Түркияда деген жаңылык күтүүсүз болду. Мен Кыргызстанда болсо деп үмүттөнгөм. ИИМ мага Түркияга барган эмес деп айткан. Биз андан башка бардык мамлекеттерди карадык. Орхан Инанды деген киши чыкпаптыр. Мен ошондон улам аны Кыргызстанда эле деп ойлогом. Мен аны кантип алып кетишкенин билбейм», — деди ал.

Мындан тышкары, Рейхан айым «Сапат» билим берүү мекемесинин келечегине токтолду. «Бул билим берүү мекемеси 1992-жылы ачылган. Биз 1995-жылы келдик. Келгенибизге 26 жыл болду. «Сапатта» билим алгандын баары кыргыздар да. Биз бул жактан кетсек, ала кетпейбиз да. Кыргыздар колдойбу-колдобойбу өзү билет. Мен башка эч нерсе айта албайм», — деди ал.

Ал ошондой эле журналисттин «эмне үчүн Орхан Инанды башка өлкөгө жашоо үчүн чыгып кеткен эмес?» деген суроосуна жооп берди. «Бул жакты сүйүп, кызмат кылды. Ушул жактан 4 балалуу болдук. Ал кыргыз элине, кыргыз жетекчилигине ишенген», — деди.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.