Орхан Инандынын жубайы: «Бүгүнтөн баштап адилеттүүлүк үчүн Ак Үйдүн алдындамын»

Бүгүнтөн баштап адилеттүүлүк үчүн Ак Үйдүн алдындамын. Мындай билдирүүнү бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан «Сапат» лицейинин башчысы Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды Твиттердеги баракчасына жазып чыкты. «Жоголгондор табылсын. Зулумдарды Кудайга койдум», — деп жазды ал.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.