Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиевге издөө жарыяланган эмес

УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы маалымат жыйында билдирди.

“Бирок 5-6-октябрда болгон окуялар боюнча тергөө жүрүп жатат. Күнөөсү далилденсе жоопко тартылат. Жеке өздөрүнө козголгон кылмыш иши жок жана издөө жарыяланган эмес», — деди ал.